www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ХАМАС Израиль менен мүмкүн болгон элдешүүнү талкуулоого ачык, анткени ал “максаттарына жетти”. Бул тууралуу Хамастын жогорку даражалуу өкүлү Мусса Абу Марзук Aljazeera телеканалына комментарий берип жатып билдирген.

Муса Абу Марзук телеканалга телефон аркылуу ХАМАС ок атышууну токтотууну талкуулоого даярбы деген суроого “бардык саясий диалогдорго” ачык экенин айтты.

Ал ошондой эле ХАМАС кош жарандыгы бар ондогон израилдик жарандарды, анын ичинде орус жана кытай жарандыгын алгандарды туткунга алганын кошумчалады.

Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.

Чыр-чатактын күчөшүнүн натыйжасында израилдик тургундардын каза болгондорунун саны 700дөн ашты. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Израилдин Газа тилкесиндеги соккуларынан курман болгондордун саны 400дөн ашты.

Палестиналык аскерлер жүздөн ашуун израилдикти, анын ичинде жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин туткунга алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости