www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казак ырчысы Биржан Байбол трада ырчысы Нурайым Акылбекова 25-26-сентябрда Бишкектеги Улуттук Филармонияда өткөн концертине киргизбей койгон окуя боюнча билдирүү жасады.

"Неге концертке бараарыңды алдын ала айтпадың?" деген суроого жооп берейин. Мен алдын ала айтайын десем мени жанына такыр жакындатпай койду. Бардык социалдык тармактардан кара тизмеге киргизип койгон. Анан мен барбайм деп чечкен болчумун. 2-3 күн мурун тарыхчасына "телефондоруңуздардын зарядкасын толтуруп келиңиздер, ойлобогон жерден концерттер, кызыктар башталып кетет" деди. Анын бул тарыхчасын мага көп угармандар жөнөтүп, "сага кыйытып айтып жатат. Бар" деп калышты. Анан чын эле мага кыйытып айтып жатат окшойт деп ойлоп, барып коёюн дедим. Барбасам дагы "Бул мени калп эле сүйөт. Хайп" деп чыгат эле. Барбай койсом дагы күнөөлөшөт эле. Бардым дагы эле күнөөлү болуп калдым. Мени дагы туура түшүнүп коюңуздар. Мен эч качан Нурайымды жамандабайм. Жөн гана мени жанындагы адамдар кошкусу келбейт", - дейт ал.

Эске салсак, ырчынын жеке концертинде учурунда чогуу дуэт ырдаган казак ырчысы Биржан Байболду концертке киргизбей, күзөтчүлөр сыртка чырагып койгону үчүн абдан талкууга алынган. 

 

@ushundai

БИРЖАН КОНЦЕРТКЕ НЕГЕ КИРГИЗБЕГЕНИН ӨЗҮ АЙТТЫ.

♬ оригинальный звук - УШУНДАЙ-USHUNDAI

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости