www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ХАМАС радикал тобу Израилге 2023-жылы октябрда барымтага алынган дагы бир адамдын сөөгүн өткөрүп берди. Бул тууралуу Израил армиясы ЦАХАЛ билдирди.

ХАМАС маркумдун аты-жөнүн ачыктаган жок. Радикал топтун маалыматына караганда, сөөк Газанын Шежайя районунан табылган.

Шаршембиде Израил Газага 15 палестиндин сөөгүн өткөрүп берген. Алар Хан-Юнистеги Насер ооруканасына жеткирилгенин Associated Press медициналык мекеменин маалыматына шилтеме кылып жазды.

“Азаттыктын” кабарларын WhatsApp каналынан окуңуз

Израил менен ХАМАС 10-октябрда күчүнө кирген согушту токтотуу келишиминин негизинде каза болгондордун сөөгүн өткөрүп берүүнү улантууда.

ХАМАС израилдик тирүү 20 туткундун баарын камактагы 2 миңдей палестинге алмаштырып, бошоткон. Радикал топ набыт болгон туткундардын баарынын да сөөгүн берүүгө убада кылган, бирок талкаланган Газада сөөк издөө кыйынчылыкка туруп жатканын маалымдоодо. Израил ХАМАСты процессти солгундатып жатат деп айыптоодо.

Последние новости