www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Владимир Путинге “Жаңы Жер” архипелагында өзөктүк курал сыноолоруна даярдык баштоону сунуштады. Министр бул кадамды АКШнын акыркы билдирүүлөрүнө жана куралды чектөө келишимдеринен чыгып жаткан тенденциясына жооп катары мүнөздөдү.
Белоусовдун айтымында, Кошмо Штаттар жаңы континент аралык ракета иштеп чыгууга ниеттенүүдө жана эл аралык келишимдерге кайдыгер мамиле кылууда. Ал мындай кырдаалда Орусия өзүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн "жооп иретиндеги чараларды" көрүүгө тийиш экенин белгиледи.
Президент Путин бул сунушту карап чыгуу үчүн тиешелүү мекемелерге тапшырма берип, "ар кандай сценарийге даяр болуу" зарылдыгын билдирген.
Өткөн айдын соңунда АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөр сыяктуу эле Вашингтон да өзөктүк сыноолорду “тез арада” баштоого даяр экенин жарыялаган. Ал: “Башка мамлекеттер өзөктүк сыноолорду өткөрүп жатышат. АКШ бул жаатта артта калгысы келбейт”, - деп билдирген.
Трамп өз сөзүндө Орусияны, Кытайды, Түндүк Кореяны жана Пакистанды мисал келтирген.
АКШ акыркы жолу өзөктүк сыноону 1992-жылы, Орусия 1990-жылы, Кытай 1996-жылы өткөргөн. Бул мамлекеттер андан кийин ядролук сыноолорго тыюу салган эл аралык келишимдерге кошулган. Бирок акыркы жылдары куралданууну көзөмөлдөө системасынын кыйрашы жана жаңы курал технологияларынын өнүгүшү кайрадан глобалдык өзөктүк тең салмактуулукту сактоо, келишимдерди так аткаруу сыяктуу суроолорду жаратты.
Москва менен Вашингтондун мындай кадамдарына Кытай жана башка өзөктүк держава да жооп кайтаруусу ыктымал. Бул болсо 30 жылдан бери салыштырмалуу туруктуу болуп келген глобалдык өзөктүк коопсуздук режимине сокку урушу мүмкүн.