www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Палестинадагы ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны Тегеран шаарына Иран президентинин инаугурациясына барганда абадан чабуул жасап, жок кылынды.

Алгачкы кабар таңда тарады. Mehr агенттиги ал Тегеранда көз жумганын жазды.

ЖМКлар Хания Тегеранга бир күн мурда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына баргандыгын жазышты.

Эл аралык реакция

Палестина

Палестинанын президенти Махмуд Аббас Ханиянын өлтүрүлүшүн кескин айыптаганын, WAFA маалымат агенттиги билдирди.

“Палестина мамлекетинин президенти Махмуд Аббас ХАМАС кыймылынын башчысы Исмаил Ханиянын  өлтүрүлүшүн кескин айыптап, муну коркоктук акт жана коркунучтуу эскалация катары баалады”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аббас палестиналыктарды Израилдин оккупациясынын алдында биримдикке, сабырдуулукка жана туруктуулукка чакырды.

Палестинанын Ливиядагы элчиси Мохамад Рахаль ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшү бардык тараптардын, анын ичинде Израилдин кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизерин билдирди.

Палестиналык дипломат ошондой эле Израилдин мындай аракеттерин «мифтик жеңиш» деп атады.

Иран

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канани Ханиянын өлүмү Иран, Палестина жана каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдей турганын билдирди.

“Исмаил Ханиянын Тегеранда өлтүрүлүшү Иран Ислам Республикасы, Палестина жана каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосундагы терең жана ажырагыс байланышты дагы да бекемдейт”, – деген Кананинин сөзү Иран ТИМинин Telegram каналында жарыяланды.  

Россия

Россиянын Тышкы иштер министрлиги ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысынын өлүмүн саясий өлтүрүү деп атады.

Москвада Ханиянын өлүмүн таптакыр кабыл алынгыс саясий өлтүрүү деп эсептейт, бул аймактагы мындан ары эскалация коркунучун туудурат, деп билдирди Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов РИА Новости агенттигине.

Анын айтымында, болгон окуя Дохадагы сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизет.

Түркия

Анкара палестиналык ХАМАС кыймылынын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Израиль тарабынан өлтүрүшүн айыптап, эл аралык коомчулукту жаңжал регионалдык боло электе Тель-Авивди токтотууга чакырат, деп билдирди Түркиянын Тышкы иштер министрлиги.

“Бул чабуулдун максаты – Газа тилкесиндеги согушту бүтүндөй аймакка жайылтуу. Эгер эл аралык коомчулук Израилди токтотуу үчүн чара көрбөсө, биздин аймак дагы масштабдуу кагылышууларга туш болот”, – деп баса белгиледи ведомство.

Тышкы иштер министрлиги палестиналыктарга көңүл айтып, Анкара алардын адилеттүү иштерин колдоону уланта турганын баса белгиледи.

АКШ

Пентагондун башчысы Ллойд Остин New York Times гезитине Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө Израилдин тиешеси бар же жок экендиги жана бул тууралуу АКШ алдын ала кабардар болгонбу деген суроолорго эч нерсе айта албай турганын айтты.

Катар

Катар ХАМАСтын  лидери Исмаил Ханиянын Иранда өлтүрүлүшүн кескин айыптап, муну коркунучтуу эскалация жана эл аралык укукту ачык бузуу катары баалады.

Бул тууралуу Катардын Тышкы иштер министрлигинин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө айтылат.

Министрлик Доханын террордук актыларды, анын ичинде саясий өлтүрүүлөрдү, алардын себептерине карабастан четке кагуу саясатынын өзгөрүлбөстүгүн эске салды.

 

Последние новости