www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны өстү. Бул тууралуу КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нуржан Адылова билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын алты айында Кыргызстанда жашы жете электердин катышуусунда 828 кылмыш катталган. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,8 пайызга көп.

Өспүрүмдөр арасында 733 кылмыш жасалган, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,7 пайызга көп.

Нуржан Адылова белгилегендей, быйыл өспүрүмдөргө карата сексуалдык мүнөздөгү 127 кылмыш катталды, бул 2023-жылдын алты айына салыштырмалуу 65,3 пайызга аз.

Мындан тышкары, жашы жете электердин өз жанын кыйгандардын саны азайды — 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12ге аз.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости