www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө ИИМ кызматкерлери кармалды

ИИМдин кызматкерлери пара алуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ички чалгындоо кызматынын катышуусунда жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 30-июлда кызматтык бөлмөсүндө 83 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Балыкчы шаарындагы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери И.К.С. жана Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ш.Ж.Т. кармалды.

Аталган кызматкерлер Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүндө катталган тергөөгө чейинки текшерүүнү токтотуу маселесин оң чечип берүү үчүн ишкерден акча талап кылышкан.

"Кармалган адамдар козголгон кылмыш ишинин алкагында процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн Бишкек шаарына алынып келинип, жыйынтыгында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иши уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

​​​​​​​

Последние новости