www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ХАМАСтын башчысы Хания өлтүрүлдү

Палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеран шаарында өлтүрүлдү. Бул туурасында РИА Новости Mehr агенттигине таянып жазды.

"Палестинанын ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Тегеранда кыйналып жатып көз жумду", — деп айтылган.

Агенттиктин маалыматында, аткылоодон анын жан сакчыларынын бири да каза тапкан.

ЖМКлар Хания Тегеранга бир күн мурда Ирандын жаңы президенти Масуд Пезешкиандын инаугурациясына баргандыгын жазышты.

Эске салсак, буга чейин Газа тилкесине жасалган чабуулдан анын үч уулу менен бир нече небереси көз жумган. Ал кезде Хания балдарынын өлүмүнө комментарий берип жатып бул окуя кыймылдын Газадагы согуш отун токтотуу боюнча талаптарына таасирин тийгизбей турганын айткан. Ал Израиль менен каршылашып келген жылдардын ичинде 60ка чукул тууган-уругу, жакындары каза тапканын билдирген.

Последние новости