www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын жаңы шайланган президентинин ант берүү аземи өттү. Инаугурация Ирандын парламентинин имаратында болду.

Иш-чарага 80ден ашык өлкөнүн өкүлдөрү, ирандык саясий жана аскер ишмерлери конок катары катышты.

Маалыматтарга караганда, 69 жаштагы өлкө башчысы жогорку билими боюнча кардиохирург. Буга чейин саламаттык сактоо министри кызматын аркалаган. Парламентке депутат да болуп шайланган.

Расмий түрдө ишке киришкен Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 15 күндүн ичинде парламентке өкмөттүн жаңы курамын сунушташы керек.

Аткаруу бийлигинин жаңы башчысы өлкөдө өткөрүлгөн шайлоонун 5-июлдагы экинчи турунун жыйынтыгы менен шайланды. Анда 30 млн шайлоочунун 16,3 млн добушун Масуд Пезешкиан алса, анын атаандашы Саид Жалили 13,5 млн добушка ээ болду.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо Ирандын мурдагы президенти Эбрахим Раиси 19-майда авиакырсыктын кесепетинен каза болгондон кийин белгиленген.

Последние новости