www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иран Ислам революциясынын лидери Аятолла Али Хаменеи Газа тилкесинде уланып жаткан кыргынды токтотуу боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына кайрадан вето койгондон кийин АКШны айыптады. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ирандын "Пресс ТВ" телеканалы билдирди.

"АКШнын Газада ок атышууну токтотууну талап кылган резолюцияга үчүнчү вето коюусу Батыш цивилизациясынын Газа маселесиндеги адам укуктары жана анын эки жүздүүлүгү жөнүндөгү дооматтарынын калптыгын ашкере кылды", - деди Жогорку лидер.

Ал Иранда чыныгы кылмышкердин өлүм жазасына тартылышын айыптап, ызы-чуу салып жаткан батыштыктардын Газадагы 30 миң бейкүнөө адамдын өлтүрүлүшүнө көз жумуп жатканын, Америка Кошмо Штаттарынын тегирменге суу кошуп жатканын белгиледи. Газаны бомбалоону токтотуу боюнча резолюцияга вето коюу жапайычылык деп сындады.

"Бул батыш маданиятынын жана цивилизациясынын, либералдык демократиянын чыныгы жүзү. Сыртынан жылмайган саясатчылар кутурган иттер менен канкор карышкырлар", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 2023-жылы Ирандын лидери айрым мусулман өлкөлөрүн Израил менен соода кылып жатат деп айыптаган.

Последние новости