www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израил армиясы блокададагы Газа тилкесинин түрдүү аймактарына абадан, кургактыктан жана деңизден кол салууда. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги кабарлады.
Израил армиясынын 141 күндүк чабуулунун кеңири масштабдагы гуманитардык жана азык-түлүк тартыштыгына себеп болуп жатканы белгиленди.
Палестинанын «WAFA» маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Израил аскерлери негизинен Газа шаарынын борборундагы түрдүү аймактарга абадан, жерден жана деңизден катуу сокку урууда.
Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү Дейр аль-Балах, Нусайрат, Аз-Зайтун, Бурейж жана Эль-Мегази аймактарында ондогон палестиналыктын абадан жана кургактан жасалган кол салуулардын курмандыгы болгону кабарланды.
Ошондой эле атышуулар уланып жаткандыктан, тез жардам унаалары каза болгондор менен жарадарларга жетүүдө бир топ кыйынчылыктарды жаратууда. Газанын Сабра, Тель-эл-Хева жана Аль-Дередж сыяктуу райондору да катуу артиллериялык аткылоого дуушар болуп, ондогон адамдар жарадар болгон.
Газа секторунун түштүк бөлүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгыш жана батыш аймактары да Израилдин артиллериясынын катуу атуусунан жапа чеккен. Израилдин артиллериялык бөлүктөрү Рафахтын батышындагы аль-Мавасиде жер которгон адамдардын баш калкалоочу жайлары менен чатырларын да бутага алганы айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg