www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранды дээрлик кырк жыл башкарган Жогорку руханий лидер Али Хаменеи 86 жашында Изралиь менен Американын Тегеранга жасаган биргелешкен аба соккусунан каза тапты. Анын өлүмү Ислам жумуриятында жаңы, бирок кооптуу саясий этаптын башталышы катары каралууда.
Бийликке келген 1989-жылдан бери Хаменеи өлкөдөгү бардык негизги институттарды, алсак, сот системасын, куралдуу күчтөрдү, мамлекеттик медианы түз көзөмөлдөп келди. Ал таянган негизги күч, бул Ислам революциясынын сакчылар корпусу болду.
Хаменеинин көзү тирүүсүндө Иран Батыш менен, айрыкча АКШ жана Израил менен ачык каршылашуу саясатын жүргүздү. Ал Жакынкы Чыгыштагы куралдуу топторду колдоп, геосаясий салмагын арттырууга аракеттенди. Бирок соңку жылдары Сириядагы режимдин алсырашы, Ливан менен Газадагы соккулар бул стратегиянын чектелгенин көрсөттү.
Хаменеи башкарган жылдар экономикалык кыйынчылык, санкциялар жана коомдук нааразылык менен коштолду. 2017-жылдан тарта кымбатчылыкка, 2019-жылы күйүүчү май баасына, 2022-жылы Махса Амини өлүмүнө байланыштуу массалык каршылыктар күчөп, миңдеген адамдар камакка алынды, жүздөгөндөр каза тапты.
Соңку ири нааразылыктар кандуу басылып, адам укугун коргоочулар миңдеген курмандыктар болгонун билдиришкен. Бирок бийлик жоопкерчиликти четке кагып, нааразылыктарды тышкы күчтөрдүн кутуму катары мүнөздөгөн.
Хаменеи Иранды катаал идеологиялык нукта кармаган лидер катары эсте калат. Анын доорунда өлкө аймактык державага айланууга умтулду. Бирок ошол эле учурда санкциялардын, эл аралык обочолонуу жана ички кризистин айлампасына кабылды.
Учурда Иран эки айырлыш жолдун алдында турат. Бул Хаменеи түптөп кеткен катаал, катуу саясатты улантуу же ички жана тышкы саясатта прагматикалык бурулуш жасоо. Бул тандоо Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмагына гана эмес, дүйнөлүк коопсуздукка да түз таасир этет. Андыктан кандай бурулуш болот, бул Ирандын жаңы жетекчилигинин жүргүзгөн саясатына, тутунган баалуулуктарына көз каранды процесс.
Дегенибиз, Хаменеинин өлүмү Израил менен Ирандын ортосундагы аскердик кармаштарды токтоткон жок. Тескерисинче, ракеталык соккулар уланууда. АКШ президенти Дональд Трамп жаңы жетекчилик менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдиргени менен, ок атышууну токтотуу демилгелери азырынча натыйжа бере элек.
Ал арада мураскер ким болот деген суроого бүткүл дүйнө кылдат байкоо салууда. Жогорку лидерди шайлоочу 88 мүчөлүү Эксперттер ассамблеясы чечим кабыл ала элек. Убактылуу башкаруу милдети президент Масуд Пезешкиан баштаган жетекчиликке өттү. Ал эми саясий чөйрөдө таасирдүү диниятчы Алиреза Арафи Жогорку руханий лидердин милдетин аткаруучу болгону дагы айтылды. Азырынча эки тизгин бир чылбыр чындап кимдин колуна өтөт белгисиз бойдон калууда.