www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына каршы “өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн тарыхындагы эң кубаттуу чабуул операциясы” башталарын билдирди.
Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги кабарлады.
“Бир нече көз ирмемден кийин Израилге жана америкалык террористтик базаларга каршы Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн тарыхындагы эң кубаттуу чабуул операциясы каршы башталат”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ислам революциясынын сакчылар корпусу “Иран элинин өч алуу колу” Али Хаменеинин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазасыз калтырбай турганын убада кылды.
Буга чейин 1-мартка караган түнү Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи АКШ менен Израилдин чабуулунда каза болгонун тастыктаган.
Tasnim агенттигинин маалыматына ылайык, ал 28-февраль күнү таң эрте өз кеңсесинде өлтүрүлгөн.
Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер жогорку лидер Али Хаменеинин милдеттерин убактылуу мезгилде президент, сот бийлигинин башчысы жана Ирандын конституциясынын коргоочулар кеңешинин бир мүчөсү биргелешип аткарарын билдирди.
Лидердин өлүмүнө байланыштуу Иран өкмөтү өлкө боюнча 40 күндүк аза күтүү жарыялап, бир жуманы жумуш эмес күн деп жарыялады.