www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин уулу Хантер Украинаны жыландын уясына салыштырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал өзүнүн украиналык Burisma газ компаниясындагы ишин катачылык катары сыпаттаган.

- Бул жаңылыштык болгон деп ойлойм. Украина жыландын уясындай болгон жер экен. Коррупциянын деңгээли азыр дагы таң калтырат, - деген Хантер Байден.

New York Post гезитинин маалыматына караганда, Хантердин Burisma компаниясындагы гонорары тармакта тажрыйбасы жок болсо да жылына бир миллион долларды түзгөн.

Эми Хантер жалпысынан 15 миллион долларга жакын карызга батып, аны кантип төлөөнү билбей жатканын билдирүүдө.

Последние новости