www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-декабрда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору жөнүндө маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров жаңы Башкы пландын негизги параметрлерине токтолду.
Ошондой эле Башкы план долбоорунун иштеп чыгуучуларынын бири Ирина Гришечкина презентация жасап, борбор калааны 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Анын айтымында, документ Бишкек шаарынын аймактык жана социалдык өзгөчөлүктөрүн, калктын санынын өсүшүн болжолдоону, социалдык, инженердик жана транспорттук инфраструктуранын учурдагы абалын, маданий мурастар объекттерин жана экологиялык факторлорду эске алуу менен иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев долбоордо жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн өзүнчө жол тилкелерин бөлүп берүү керектигин белгилеп, ошону менен бирге Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана реновация программасын жөнгө салуу боюнча сунушталып жаткан чараларга кызыкты. Ал эми эл өкүлү Гуля Кожокулова борбор калаанын борбордук бөлүгүн өнүктүрүү, көп кабаттуу турак жайларды куруу маселелерине токтолуп, тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо жана коргоо боюнча мыйзам талаптарын так сактоо зарылдыгын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү органдар шаардык турак жай фондун өнүктүрүүдө шаар куруу саясатын так карманышы керек. Муну менен катар депутат Рахат Жунушбаева өндүрүштүк зоналарды жана борборлорду түзүүдө темир жол системасын өнүктүрүү чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.