www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен мурдагы милициянын өз аялын травматикалык тапанча менен атып өлтүргөнү боюнча резонанстуу кылмыш ишин мындан ары УКМК тергейт. Кылмыш иши УКМКнын Борбордук аппаратынын өндүрүшүнө алынды.
УКМК төрагасы мындай чечимди кабыл алуу менен жарандардын үрөйүн учурган кылмыш ишине акыйкат укуктук баа берилүүсүнө жетишүү экендиги талашсыз. Бишкек шаардык милициясынын башчысы бул кылмышка комментарий берип, кылмышка шектүүнү жактагандай сүйлөгөнү коомчулуктун кыжырын келтирип, Бишкек ШИИБ башчысын адвокаттык кылып атат деп айыпташкан. Мындай жагдайда "карга карганын көзүн чокубайт" дегендей көрүнүш орун алып, бул өз кезегинде тергөөнүн калыс жүргүзүлүүсүнө таасир этиши мүмкүн болчу.