www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Согуш министрлигинин башчысы Пит Хегсет кийинки жылы коргонуу бюджети 1,5 триллион долларга чейин жетиши мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
«Президент Дональд Трамп 2027-жылы улуттук коопсуздук үчүн 1,5 триллион доллар бөлүү максатын жарыялады», — деди Хегсет Мэн штатындагы кеме куруу заводунда аскердик өндүрүш объектилерин кыдыруу учурунда.
Пентагондун башчысы казынадан бөлүнгөн каражаттар акылга сыярлык пайдаланыларын убада кылды. «Дүйнөгө берилген билдирүү — биз бул каражаттарды туура жана сарамжалдуу жумшайбыз», — деп кошумчалады Хегсет.