www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-мартындагы №1950-VII «Сүткө сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун аткарылышы тууралуу маалымат угулду.
Жыйында баяндама жасаган Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Жаныбек Керималиев белгилегендей, республиканын аймактарында фермерлерден чийки сүттүн орточо сатып алуу баасы 28-43 сомду түзөт.
Мындан тышкары, жыйынга катышкан сүт өндүрүү тармагынын өкүлдөрү малды багууга, тоюттандырууга кеткен чыгымдардын өсүп жатканын жүйө келтирип, өлкө боюнча жана жыл мезгилине карабастан сүттүн бирдиктүү сатып алуу баасын 45 сом өлчөмүндө бекитип берүүнү өтүнүштү.
Талкуу маалында депутат Айсаракан Абдибаева сүттүн сатып алуу баасын аныктоо тартибине кызыгып, эмне себептен ар кайсы аймактарда баа ар башка экенин тактады. Баяндамачы бул маселе жергиликтүү бийлик органдарынын, өндүрүүчүлөрдүн, монополияга каршы кызматтын жана башка тиешелүү тараптардын катышуусунда комиссиялык негизде чечилерин билдирди. Ошондой эле депутат соңку мезгилде Кыргызстанда сапаты төмөн импорттук сүттүн көлөмү көбөйгөнүн белгилеп, ата мекендик сүттү жергиликтүү рыноктордо өткөрүүнүн механизмдерин өнүктүрүүнү сунуштады.
Ал эми эл өкүлү Камила Талиева тармактык министрликти активдүү иш алып барууга чакырып, Жогорку Кеңештин аталган токтомун аткаруу иштери 8 айдан кийин гана башталганын сынга алды. Ошондой эле депутат сүткө баа түзүү, сүт өндүрүүчү ишканаларды колдоо маселелерине токтолду.
Депутаттар Бекмурза Эргешов, Уланбек Жаанбаев жогорку өндүрүмдүү сүт багытындагы асыл тукум мал породаларын көбөйтүү, субсидия берүү чараларын сунушташты. «Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жардам фермерлер үчүн сезилерлик болушу керек. Айрыкча кооперативдерди колдоону күчөтүү зарыл», - деди Уланбек Жаанбаев.
Өз кезегинде депутат Улан Примов Кыргызстандын сүт өнөр жайынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу маселесин ортого салды.
Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорун финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 47 Жарлыгы менен бекитилген «2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу жана иш-чаралар планын аткаруу боюнча Президенттин Администрациясынын тапшырмасын аткаруу үчүн мамлекеттик алымдарды жана айыптарды төлөөнүн альтернативдүү ыкмаларын түзүү максатында иштелип чыккан.