www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда министр, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.
Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты.
Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатаканаларга, машыккан жайларга коюлган 112 видеокамеранын иштөөсүн текшерип, үзгүлтүксүз камсыз болуусун тапшырды.
“Көп тил билген адамга дүйнө жарык. Аскердик кызматын өтөө милдетин аяктаганга чейин түрк, англис тилдерин үйрөнсөңөр сиздер үчүн өзгөчө артыкчылык болот”, – деген министр тил үйрөтүү курстарын уюштурууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Өз кезегинде мамлекеттик борбордун материалдык-техникалык базасын бекемдөө, жоокерлердин ашканасын, жатаканасын, медициналык пунктуна чейин заманбап деңгээлде жакшыртууну демилгеледи.