www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Hengaw укук коргоочу уюму өткөн жылы Ирандын коопсуздук кызматтары 300дөн ашык аялды саясий жана идеологиялык себеп менен кармаганын, алардын 100дөн ашыгы ар кандай айып менен кесилиши мүмкүндүгүн билдирди.

8-мартта жарыяланган отчетко ылайык, кармалгандардын арасында кеминде 18 студент, 17 журналист жана медиа активист, 10 сүрөтчү жана актриса, 7 мугалим бар. Ал эми HRANA укук коргоо уюму өзүнүн көз карашы үчүн абакта отурган 113 аялдын ысымын жарыялады. Аларга “системага каршы үгүттөө”, “чогулуш жана кутум”, “коррупция” жана “тыңчылык” беренелери менен айыптар коюлган. Бул айыптар боюнча оор жазалар каралып, өмүр бою эркинен ажыратылгандар да бар. Укук коргоо уюмдары оор жазалар менен катар аялдарга балак урулуп, өлүм жазасына тартылган учур да бар экенин белгилешет.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам дарга асылган.

8-март Аялдардын эл аралык күнүндөгү билдирүүсүндө 40тан ашуун активист Иранда 2022-жылдагы кандуу тополоңдон улам келип чыккан “Аялдар, Жашоо, Эркиндик” кыймылынын жетишкендиги катары Ирандагы милдеттүү хижабга каршылык көрсөтүү иш-чарасын белгилешти.

Ондогон ирандык активисттер эл аралык коомчулукту "гендердик апартеид" жасаганы үчүн Ислам Республикасын бойкоттоого чакырышты.

Последние новости