www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Энергетика министрлиги 8-марттан баштап жарык өчүрүү токтотулганын билдирди. Аба ырайы ысып, электр энергиясын керектөө кыйла азайгандыктан, жөнгө салуу иш-чаралары жыйынтыкталганы айтылат маалыматта.
Расмий эсепте ушул күндөрү электр энергиясын керектөөнүн орточо суткалык көрсөткүчү 61 млн 117 миң кВт. саатты түзүүдө. Күн суук кезде ал 70 млн кВт. саатка чейин жеткен.
Марттын башында Кыргызстанда эки негизги ГЭСти реконструкциялоого байланыштуу жарык өчүрүлө баштаган. Бул жагдай карапайым калкка түйшүк жаратып, нааразылыктарга себеп болгон
Расмий маалыматка ылайык Токтогул суу сактагычында учурда 7,5 млрд метр кубдан бир аз ашуун суу бар. Адистер суунун көлөмү 6,5 млрд метр кубга түшкөндө ГЭСтин иши токтой турганын эскерткен.