www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рим папасы Украинаны багынып берүүгө чакырды

Зеленский Эрдогандын Орусия менен сүйлөшүү сунушун четке каккандан кийин Рим папасы Франциск жеңилген тарап кайраттанып, аны моюнга алып, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө макул болушу керек деген бүтүмгө келген. Бул тууралуу ал кечээ, 9-мартта швейцариялык RSI телеканалына берген маегинде билдирди.

“Ак желекти көтөрүп, иш ойлогондой болбой жатканын түшүнүп, кайраттуулук менен сүйлөшүү үстөлүнө өтүү керек”, - деди понтифик.

Зеленскийге шилтеме жасап, Рим папасы Орусия менен сүйлөшүүгө кайрат таап, жеңилгенден уялбоого кеңеш берди. Папанын айтымында, учурда Украинадагы жаңжалга ортомчулук кылууга даяр көптөгөн өлкөлөр бар, анын ичинде Түркия да бар.

«Сүйлөшүүгө убакыт келди, ортомчу боло турган өлкөнү издегиле», - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Рим папасы Франциск дүйнөнү жалпы куралсызданууга чакырып, муну эл аралык коомчулуктун моралдык милдети деп атаган.

Последние новости