www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Херсон облусу расмий Киев дайындаган кадрдык чечимдерди тааныбайт. Бул тууралуу облустун администрация башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.

Ал мындай пикирин Украина өкмөтү Ярослав Янушевичтин Херсон облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматына талапкерлигин жактырды деген маалыматка жооп катары айткан. Ал бул чечимди кылмыштуу деп атап, Херсон Украинанын юрисдикциясында эмес экендигин билдирген.

Ошондой эле ал Киев тарабынан мамлекеттик администрация башчысы болуп дайындалган Янушевич Херсон облусуна эч качан келбээрин белгилеген. "Ал виртуалдык губернатор. Ал муляж" деген Стремоусов. Марттын ортосунда орус аскерлери Запорожье облусунун Херсон жана Азов аймактарын көзөмөлгө алышкан.

Ал жерде жарандык-аскердик администрациялар иштеп жатат. Ошондой эле аталган аймактарда Орусиянын телеканалдары көргөзүлүп, рубль жүгүртүүгө киргизилди, Крым менен соода байланыштары калыбына келтирилүүдө. Бошотулган аймактар ​​Орусиянын курамына кирүү планын жарыялашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости