www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Херсон облусунда украиналык жоокерлер жай тургундар бара жаткан автобуска аткан имиш. Транспорттогу адамдар Киев бийлиги көзөмөлдөгөн аймакка эвакуацияланып жаткан болчу. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине РФтин гуманитардык колдоо боюнча мекемелер аралык координациялык штабынын жетекчиси Михаил Мизинцев билдирген.

"Бизге жеткен такталган маалымат боюнча, Херсон облусунда Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан кезектеги кандуу провокация болду. Долговое калктуу конушуна жакын жердеги жолдо улутчулдар Киевдин көзөмөлүндөгү аймакка эвакуацияланып жаткан жайкын тургундардын автобусун аткылашкан", - деди Мизинцев.

Анын айтымына караганда, Украинанын маалыматтык-психологиялык операция борборунун кызматкерлери сүрөт, видеолорду чыгарып, окуяга Орусия тарапты айыптоого аракет кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости