www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайвандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын аралдын жээгиндеги аскердик ишмердүүлүгүн айыптайт жана бүткүл дүйнө коомчулугун Кытайдын Тайванга “аскердик коркунучун” айыптоого чакырат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Тайвандын Тышкы иштер министрлиги, Кытай армиясынын 4-август күнү аралдын айланасында масштабдуу аткылоо машыгууларынын башталышына жооп кылып, Кытайдын ок атуучу машыгуулары «Тайвандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирди, аймактык чыңалууну курчутуп, кадимки эл аралык соода жана экономикалык алмашууларды үздү», - деп билдирди.

Агенттик Кытайдын ракета учуруусун «Түндүк Кореянын жүрүм-турумуна» салыштырып, аларды катуу айыптап, эл аралык коомчулукту Кытайдын аракеттерин айыптоого чакырды.

Эскерте кетсек, Кытайдын Элдик боштондук армиясы бүгүн, 4-августта Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта масштабдуу тирүү атуучу аскердик машыгуусун баштады. 

Буга 2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга расмий иш сапары менен келгени себеп болду. 

Пелоси Тайвандын расмий өкүлдөрү, анын ичинде лидер Цай Инг-вен менен жолугушту. Ошол эле учурда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Пелосинин сапарын «империалисттердин маданиятсыз кампаниясынын дагы бир демонстрациясы», -  деп атады.

Бир күн мурун Кытай өкмөтү Тайванды Пелосинин сапарына байланыштуу "узак мөөнөттүү жана катаал" чаралар менен коркуткан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости