www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз» тобунун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов «Буй-буй» ырынын айланасында болуп жаткан талкууларга жооп берди.

«Менин ырларым жада калса бири-бирине плагиат эмес. «Биз» тобунун бир дагы ыры плагиат эмес. Жада калса менин ырларым бири-бирине плагиат эмес, окшош эмес. Ыр жазууда аябай карайм, окшошуп калган жокпу деп.

Бул ыр 2007-жылы чыккан. Анда эч ким деле көңүл бурган эмес. Турмушта ар кандай окуялар болот экен, кайгырып жүргөндө жаралган. Аталышы «Ыза» болчу, патенттеп койгонбуз. 100 пайыз кепилдик менен айта алам «Буй-буй» биздин, менин ырым, сөзү, обону, аранжировкасы жеке бизге гана таандык», — дейт ырчы.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта КР эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторовдун белгилүү чыгармаларынын бири болгон «Буй-буй» талашка түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости