www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Элдик боштондук армиясы бейшемби күнү Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта масштабдуу тирүү атуучу аскердик машыгууну баштады. Бул тууралуу Кытайдын жергилктүү басылмалары жазды.

Анын айтымында, машыгуулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө (Москва убактысы боюнча 07:00) башталды. Мурда маалымдалгандай, алар 7-августка чейин уланат.

Белгилей кетсек, буга чейин аскерий эксперт Алексей Леонков Тайвандын тегерегиндеги сууларда масштабдуу машыгууларга жамынып, Пекин аралды толук блокадага алууну уюштурушу мүмкүн деп билдирген. Леонковдун айтымында, Кытай Кытайды деңизден да, абадан да блокадага алуу үчүн даяр аскердик потенциалга ээ.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Нэнси Пелосинин шейшемби күнү, 2-августта Тайванга болгон сапарына катуу нааразылык билдирип, бул сапар “бир Кытай” принцибинин одоно бузулушу жана КЭРдин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузат деп билдирди.

Буга чейин Ак үй Пелосинин Тайванга сапары үчүн жоопкерчиликтен баш тарткан.

Эске салсак, 2-август күнү кечинде АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга барды. Ал келүүгө кам көрүп жатканда эле Кытай бийлиги Пелосинин аралга сапары "бирдиктүү Кытай" принцибине каршы келерин жана кырдаалды курчутарын эскерткен. Ал тургай ал учуп келе жаткан учакты Кытай истребителдери тосуп алышы мүмкүн деген божомолдор айтылган. Бирок Кытай тараптан андай аракеттер болгон жок.

Учурда Пелосинин Тайванга сапары аяктап, Түштүк Кореяга учуп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости