www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто дайынсыз жоголгон эки өспүрүм кыз табылды

Ошто дайынсыз жоголгон 12 жаштагы эки кыз табылды. Бул тууралуу Араван райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-август күнү Араван районунун 39 жаштагы тургуну Араван райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 2-август күнү саат 05:00дөр чамасында 12 жаштагы кызы С.М. жана анын курбусу 12 жаштагы А.Н. дайынсыз жоголгондугун билдирген.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2-августтан 3-августка караган түнү саат 01:02 чамасында Ош шаарындагы «Ак-Буура» маданият жана эс алуу багынан кыздар табылып, ата-энелерине аман-эсен өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости