www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Херсон облусунда жүргөн Россиянын вице-премьери, өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров Украина Куралдуу күчтөрүнүн соккусу алдында кала жаздады. Аткаминер узап кеткенден көп өтпөй бул жерге сокку урулганын РИА Новости кабарлады.
Буга чейин маалыматты Telegram-каналдар жарыялаган. Министрдин сокку урулган жерде региондун жетекчилиги менен жашоочуларга жардам көрсөтүү маселесин талкуулаганын министрликтин өкүлдөрү да тастыктады.
Мантуровдун Херсонго келгенин билгенден кийин украин пабликтери вице-премьерди кийинки келишинде "тосуп алышарын" айтып опузалоого өтүшкөн.
Эскерте кетсек, 6-июнга караган түнү Украина Куралдуу күчтөрү Каховка ГЭСин аткылап, станциянын жогорку бөлүгүн кыйратышкан. Суу акканы менен дамба жарылган эмес. Херсон облусунун бийлиги суу каптаган жерден элди эвакуациялап, 6 000ден ашуун кишини алып чыккан.
Президент Владимир Путин окуя ири экологиялык жана гуманитардык апаатка кептегенин билдирди. Тергөө кызматы теракт боюнча кылмыш ишин козгогон.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станциялар каскадынын акыркы бөлүгү. Херсон облусунун Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым алыстыкта жайгашкан. Эскерте кетсек, аталган облус 2022-жылдын 30-сентябрында референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кошулган.
Булак: NazarNews.kg