www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылдын Апрель революциясында тактан кулап, дээрлик 13 жылдан бери Беларусияда баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиев баштаган жети кишиге “Кумтөр иши” боюнча 2023-жылдын 1-мартында сот өкүмү чыкканы 9-июнда белгилүү болду.
Эмнеге сот, бийлик маалыматты 3 ай бою коомчулукка чыгарбай жашырып келди? Себеби эмнеде? Суроолор көп, жооп жок.
Сыртынан дагы бир жолу соттолгон Курманбек Бакиевге
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун Кылмыш жаза кодексинин 338-статьясынын (“Коррупция”) 2-бөлүмү ("Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун") боюнча айыптуу деп тапкан.
Ошондо, "Кумтөр боюнча 10 жылга соттолсун деген чечим чыккан. Мурдагы башка дагы соттук кылмыштары кошулуп жалпы 30 жылга соттолгон. Сот өкүмүндө анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматтарда иштей албастыгы айтылат.
Мындан сырткары, Максим Бакиев “Кумтөр иши” боюнча 13 жылга кесилип, буга чейинки ага карата чыккан сот чечимдерине ылайык өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ошондой эле, анын өнөктөшү болгон Алексей Елисеев 12 жылга соттолуп, мурдагы соттуулугу кошулуп 30 жылга кесилген.
Сот тарабынан дагы 4 кишиге өкүм чыккан. Тактап айтканда, Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев “Кумтөргө” байланыштуу 10 жылга кесилип, мурунку сот өкүмдөрүнө ылайык 13 жыл жаза мөөнөтү аныкталган.
Мурдагы финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга, мурдагы тышкы соода жана өнөр-жай министри Садриддин Жээнбеков 10 жылга, өкмөттүн мурдагы юристи Елена Белковская 9 жылга соттолгон.
Арийне, "Кумтөр иши" боюнча Курманбек Бакиевге, баласы Максим Бакиев жана анын командасына карата соттун мындай сырттан чыгарылган өкүмү, президент Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаев түрмөдөн чыккандан кийин "Дубайда мурдагы президенттердин баарынын башын кошуп, ынтымакка чакырдым" дегенден көп өтпөй кабыл алынган.
Мына ушул жагдай өтө түшүнүксүз. Кумтөр боюнча бирден-бир күнөөлүү делген Аскар Акаев аппак болуп акталып кетти. Акыйкатсыздык, тандалма саясаттын илеби урган жокпу?
Дегенибиз," Кумтөр" боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбеген чечимдерди кабыл алышкан делип Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир топ адамдарга айып тагылып, анан бири аппак, бири капкара болуп калганы "иттин өлүгү" жыттанган адилетсиздиктен кабар берет десек жарашат.
Чындыгында, "Кумтөр иши" боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгынын корголбой калышына Аскар Акаевдин күнөөсү тоодой болгон. Анан өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге макул болгон кылмыштуу иштердин башатында турган Акаев анан кантип аппак болуп калат?.. Мыйзамга дагы, логикага да сыйбай жатпайбы?..
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg