www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Динге обу жоктук менен жеке коммерциялык кызыкчылыктан улам мамиле кылгандар арбып баратат. Натыйжада, динди чүмбөт кылып жамынган жүзү жоктор, кыргыздын наркына, улуттук каада-салтына, менталитетине каршы диверсия жүргүзүп жатышат. Ага негедир бийлик тарабынан анчейин көңүл бурулбай жатканы өкүндүрөт. Мунун түбү келип, улутубуздун өзөгүнө доо кетирип, тамырын чириткен кооптуу көрүнүш экенин түшүнчү учур келди. Ал түгүл өтүп баратат. Эртерээк эсибизди жыйбасак, коркунуч жакын.
Мына Анжелика деген ырчы сөрөй кыргыз кыз-келиндерин хиджаб кийгизип, чүмкөнтүп жатат. Эч ким ага маани бербей, барган сайын ашынып кетти. Ачык эле арабдардын идеологиясын баш-оту менен кирип жайылтып жатат.
Буга анын тымызын этап-этап менен жасап жаткан иштери ачык мисал десек жарашат. Мына ооз ачырууга шылтоолоп, арабдарга тиешелүү маанини чагылдырган иш-чарасын, кумдуу талаадагы төөлөр тартылган арабиянын талаасынын сүрөтүн атайын илген бөлмөдө кыргыз кыздарына хиджаб кийгизип өткөрүп жатышы, араб маданиятын кыргызга жылма сиңирип жатканын чагылдырып турат десек болот.
Бул "жылма сиңирүү" Анжеликанын кандайдыр бир "кызыкчылыгын" канааттандырышы мүмкүн. Бирок, эзели кыргыздын каада-салтына ылайык келбейт. Ал түгүл кыргыз наркына балта чабуу менен барабар. Каалайбызбы, жокпу биз кыргызбыз! Кыргыз дин жолун ата-баба наркы, каада-салты менен айкалыштырып кармаган.
Эгер, диний шарияттын негиздери менен Анжеликанын аракетине баа берүү керек болсо;
1. Анжелика ырдабаш керек. Күнөө болот.
2. Диний жолдо жүргөн эне катары, биринчи кезекте кыздарын өзү сыяктуу кийиндириш керек. Өз кыздары хиджап кийбеш керек да, анан эмне үчүн башкалардын кыздарын кийинтет? Эки жүздүүлүктүн чеги болот да?..
Деги эле, динди ашыкча пайдаланган динкулдардын:
- Атасынан мурун сакал койгон;
- кара чүмбөт хиджаб, никаб, паранжа жамынган;
- атасынын акыл сөзүнөн молдонун кебин жогору койгон;
- тирүү жүрүп өлүмгө, тиги дүйнөгө даярдык көргөн көрүнүштөрдүн кеңири жайылышы;
- коомдо таанымал, белгилүү жаштардын арасында Ислам динин пропагандалап динге үгүттөгөндөрдүн санынын жамгырдан кийинки чыккан козу карындай көбөйгөндүгү коңгуроо катары эсибизге келтириш керек.
Ушунун баары мындан чейрек кылым убакыттан бери азыркы кезге чейин билим берүү сапатынын кескин начарлагандыгынын кесепетинен улам жаралды.
Экинчиден, элдик этно тарбияга маани берилбей жатканын да болууда. Кыргыздар миңдеген жылдардан бери улуу кишини ар дайым сыйлап, урматтап, улуулардан кеңеш сурап, улуулардын айткан кеп-кеңеши, санат-насыяты, нарк-нускалуу сөздөрүн эске алуу менен жашап келишкен.
- Транспортто баратып өзүнөн улуу адамга орун бошотуп берүү;
- Дасторконго отурганда улуулата отуруу;
- Улуулар менен сөз талашпай аларды угуу;
- Карыган ата-энесин таштап кетпей аздектеп багуу;
- Бир туугандарга ар дайым жардам берүү;
Ушул сыяктуу нускалуу жакшы нерселер миңдеген жылдардан бери, эч кандай жазылган эрежелерсиз, мыйзамдарсыз, ыйык китептерсиз этно тарбияга негизделип жашап келди.
Арийне, "Улууга урмат, кичүүгө ызаат", "Карынын сөзүн капка сал", "Карысы бардын ырысы бар", "Кары келсе ашка, жаш келсе ишке" деген макалдар бекеринен айтылган эмес. Кыргыздын макал-лакаптары эле диний хадистерге караганда, мыкты туура тарбия берүүнүн эрежелерин, жазылбаган, бирок бекем сакталган мыйзам түшүнүгүн, этно педагогиканын, этно тарбиянын негиздерин түзөт.
Азыр анын баары өзгөрүп, бузулууда. Мына учурда диндин жаш муунга тарбия берүү жаатында улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө, этно тарбияга шайкеш келбеген элементтери да себеп болууда. Мисалы, өзүнөн алда канча улуу аксакалдар отурса да, диний окууну окуптур деп жаш баланы төргө өткөрүп, устукандын сыйлуусун тарткан адат болуп баратат. Мындай түшүнүк эч качан болгон эмес.
Кыргыз дасторконго билимине, илимий даражасына карабастан улуулата отурушкан. Азыр атасы уулуна акыл кебин айтса, "жок, ата андай болбойт, сиз динден, илимден артта калыпсыз" деп атасынын накыл кебин укпай, молдонун айткан сөзүн атасынын сөзүнөн жогору коюп, атасын тарбиялаган балдар пайда болушту. Кыргызда эч качан мындай жагдай болгон эмес.
Кыргыз "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат", "Аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт" деген. Демек, мындай темп менен кетсек, динге ашыкча берилген муундун балдары кандай тарбия, көз караш менен чоңоюшат? Алардын коомго тийгизген таасири, кесепети кандай болот, сөз кылгандан чочулайсың. Деги, эртең кеч болуп кала электе эсибизди жыялы.
Булак: NazarNews.kg