www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Хива шаарында жайгашкан "Ичан-Кала" мамлекеттик музей-коругундагы 101 экспонаттын көлөмү, материалы, иштетүү стили жана жасалган мезгили атайын китепчедеги мүнөздөмөлөрүнө дал келбейт. Бул тууралуу өлкөнүн Маданий мурастар агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, музейдеги дал келбестиктер агенттикке караштуу Маданий мурастарды коргоо инспекциясы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган.

Мындан тышкары текшерүү маалында айрым буюмдардын мүнөздөмөлөрүнүн өзгөртүлгөндүгүн ырастаган документтердин жок экени ырасталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү документтер укуктук баа берүү үчүн Өзбекстандын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости