www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы качан чечилээрин айтты

 Тажикстан менен чек ара маселеси токтоп калган жок, чечилип жатат, деп билдирди президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде. Анын айтымында, 600 чакырым [чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо] бүтүп, 300 чакырымы калды.

«Бирок жай жүрүп жатат. Жай жүрүп жатканы бизден эле эмес, эки тараптан тең болуп жатат. 30 жылдан бери чечилбей келген чек ара бир айда эле чечилип калбайт экен да. Талаш-тартыш жерлер бар дегендей.

Бирок жакынкы араларда, Кудай буюрса, толук чечебиз. Чек араны толук бүтпөй туруп, эки жак тең бир метр жерге тосмо кое албайт. Аны түшүнбөгөн кишилер тосмо койсо болбойт беле деп сүйлөй берет. Бүтөрү менен эки жак тең бир күн калбай тосмо тарта баштайбыз», - деди ал.

Андан кийин президенттин айтымында, чек ара посттору ачылып, соода башталат. «Өзбекстан менен азыр кандай жакшы мамиле болуп жаткан болсо, Тажикстан менен дагы ошондой мамиле болот. Карым-катнаш мурдагыдай уланат деп ишенип турам» - деди президент Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости