www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хоккей: Кыргызстан Мексиканы 9:4 эсебинде утту

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курамасы дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын оюндарынын алкагында Мексика курамасын утту. "Бишкек-Арена" спорт комплексинде өткөн беттеште кыргыз хоккейчилери атаандаштарын 9:4 эсеби менен жеңди.

Төртүнчү тур оюндарынын алкагында Люксембург курамасы Түштүк Африка Республикасын 4:2, Таиланд Түркмөнстанды 13:3 эсебинде утту.

Үчүнчү тур оюндарынын жыйынтыгы менен Таиланд курамасы 12 упай топто мелдеш жадыбалында биринчи орунда турат. Экинчиге тогуз упай топтогон Кыргызстан чыкты. Үчүнчү орунду 8 упайы менен Люксембург ээледи. Түркмөнстан менен Түштүк Африка Республикасы үчтөн упай топтоп, 4-5-орундарга жайгашып турат. Ал эми Мексика бир упай менен алтынчы орунда.

Алты өлкөнүн хоккей курамалары катышып жаткан дүйнө чемпионатынын 3-дивизионунун А группасынын акыркы оюндары 16-мартта өтөт.

Оюндардын убактысы:

14:00: Таиланд - Люксембург;

17:00: Түркмөнстан - Мексика;

20:00: Кыргызстан - Түштүк Африка Республикасы .

Мелдеште эң көп упай топтогон команда жеңүүчү болот жана ал хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын II дивизиондун Б группасына чыгууга жолдомо алат.

Мелдеш 10-мартта башталган. Аны өткөрүү үчүн мамлекет 3 миллион сом бөлгөн.

Эл аралык хоккей федерациясы (IIHF) хоккей боюнча дүйнө чемпионаттарын өлкөлөрдүн рейтингине жараша беш дивизионго бөлүп өткөрүп келет. Жогорку, биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү дивизиондо мелдештер А жана Б тайпаларына бөлүнүп өтөт. Ар бир дивизиондун жеңүүчүсү кийинки дивизионго өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми акыркы орунду ээлеген курама ылдыйкы дивизионго түшөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости