www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Хорватияда мыйзамсыз мигранттарды ташыган деген шек менен эки кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу журналист Семетей Аманбеков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын жараны Айбек (аты өзгөртүлдү) Кыргыз Республикасындагы фирма аркылуу Хорватияга иштөө үчүн мыйзамдуу түрдө барып, ал жакта курулуш компаниясында айдоочу болуп келишим менен иштеп жүргөн. Кийинчерээк пластик эшик-терезе жасоочу цехке өткөн.
2022-жылдын 24-июлунда кесиптеши Марат жубайы Жаңыл менен цехтеги башка жигиттерге вокзалдан адамдарды алып кетүүнү сунушташкан. Албетте, ал үчүн акы төлөөнү убадалашкан. Башкача айтканда, аларды таксист катары жалдашкан. Бул сунушка Айбек жана дагы бир нече жигиттер макул болушкан.
Загреб шаарынан (Хорватия) бир нече чакырым алыстыкта Айбек жана анын дагы бир кесиптеши Максат полиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Айбек жана анын кесиптеши ташыган адамдар мыйзамсыз иммигранттар болуп, башка мамлекет менен чек араны көздөй бет алышканы аныкталган. Жигиттер бул тууралуу билген эмес.
«Кийинчерээк белгилүү болгондой, Айбекти вокзалдан элди алып кетүүнү суранган адамдын жубайы Жаңыл да Кыргызстандан Хорватияга мыйзамсыз келген жана биздин өлкөдөн Европага мыйзамсыз иммигранттарды ташуу менен буга чейин да алектенип келген. Айбек менен Максат учурда Загребдеги тергөө абагында. Бирок Марат Курбанов жубайы Жаңыл менен качып кетишкен, аларды кармоого үлгүрүшкөн эмес. Цехтин жигиттери — өзбектер менен кыргыздар СИЗОго барып, балдарды бошотууну суранышкан, бирок Жаңылды таап, колго түшүрмөйүн балдар чыгарылбай турганын айтышкан», - деди Аманбеков.
Ал түшүндүргөндөй, Кыргызстанда кармалгандардын кичинекей балдары жана карыган ата-энелери бар. Алардын биринин апасы жүрөк оорусунан жабыркагандыктан аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.
Ошондой эле, Семетей Аманбеков Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ишти көзөмөлгө алганын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg