www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согуш башталган кийин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы акча которуу рекорддук көрсөткүчкө жетти. Мындай көрүнүштү Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматынан байкаса болот.

Июнда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы акча которуунун көлөмү 2005- жылдан бери эң көп болгон. Тактап айтканда, июнда Россиядан 303 млн доллар которулган, ал эми Кыргызстандан Орусияга 82 млн доллар жөнөтүлгөн.

Ушул жылдын 6 айында Орусиядан Кыргызстанга 1,3 млрд доллар которулган, ал эми Кыргызстандан Орусияга 342 млн доллар жөнөтүлгөн.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкынын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияга өлкөдөгү накталай доллар массалык түрдө чыгарылып жатканын айткан.

Ошондой эле Улуттук банк орусиялык компаниялар Кыргызстанда долларды алмаштырууга аракет кылып жатканын билдирген.

Украинада согуш башталгандан кийин Улуттук банк коммерциялык банктарга, майда каржы уюмдарына жана акча алмаштыруучу жайларга чет элдик валютаны өлкөдөн сыртка алып чыгууга тыюу салган.

Улуттук банктын жетекчисинин башчысынын орун басары Нурбек Жеңиш мындай чектөөнү жөнөкөй жарандарга жана Улуттук банкка баш ийбеген компанияларга киргизе албай турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости