www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Запорожье АЭСин аткылоо буйругун Улуу Британия менен АКШ берип жатат. Киев бийлиги болгону аткаруучу. Бул тууралуу РИА Новостиге Запорожье облусунун администрациясынын башкы кеңешинин мүчөсү Владимир Рогов билдирген.
"Запорожье атомдук электр станциясын аткылоого Британия менен АКШ буйрук берип жатат. Зеленскийдин режимин башкаргандар да ушулар. Ал эми Киев болгону аткаруучу", — деген Рогов.
Рогов аткылоону токтотуу үчүн биринчи кезекте Днепропетров облусундагы калк жашаган Никополь, Марганец жана Томаковка пунктуларын бошотуу керектигин белгилеген. Анын айтымында, украин террорчулары атом станцияларына дал ушул жактардан ок чыгарууда.
Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталгандан бери украин аскерлери АЭСтин аймагына бир нече жолу чабуул жасоо аракетин көрүшкөн. Артиллериялык бир катар чабуулдун натыйжасында өрт чыгып, энергоблоктордун иштөөсү үчүн зарыл болгон эки электр чубалгысы үзүлгөн. Анда №3 станция ишин токтотуп, №4 энергоблоктун генерацияланган кубаттуулугу кыскарган.
Булак: NazarNews.kg