www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Украинада орус аскерлеринин укугу бузулганы тууралуу маалыматтарды териштирүүгө чакырды. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм мындай билдирүүсүнө 27-мартта интернетке тараган «украин аскерлери үч орус жоокеринин бутуна ок атып жатканын көрсөтөт» деген видео себеп болду.

«Эгер ырасталып калса, колго түшкөн жоокерлерди сабоо жана аларды бутка атуу согуш кылмышы деп саналат. Украина эл аралык гуманитардык мыйзамды одоно бузуу аракеттерин жазалай аларын жана алдын ала аларын көрсөтүшү керек», - деп айтылат билдирүүдө.

Мындай видео тарагандын эртеси президент Владимир Зеленский украин аскерлеринин дарегине айтылган дооматтарга «олуттуу мамиле жасай турганын» жана бул окуя иликтене турганын айткан.

Буга чейин Human Rights Watch уюму Орусиянын Украинадагы аракеттери согуш кылмыштары деп эсептелип калышы мүмкүндүгүн да эскерткен. Буга Мариупол шаарындагы театрга сокку урулганын мисал келтирген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости