www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарындагы Горький сейил багында Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы митинг өттү. Митингге 20дан ашуун адам чогулган. Алар Орусиянын элчилигинин алдына чейин жөө жүрүш жасоону көздөшкөн.
Бирок милиция кызматкерлери элчиликтердин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскертишти. Ошондой эле митингчилер өзүн блогермин деп тааныштырган жигитке нааразы болуп, ал провокатор экенин айтышты.
Ал эми «блогер» милициядан топтолгон адамдарды таркатууну талап кылды. Андан соң талаш-тартыш жаралып, милиция кызматкерлери чогулган адамдарды күч менен таркатып, айрым митингчилерди автобуска салып, Биринчи май РИИБге алып кетишти.
Булак: NazarNews.kg