www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде Украина Евробиримдикке киргиси келсе, кошула берсин, бирок ал НАТО аркылуу гана мүчө болгон Черногория менен Македониянын тажрыйбасын эске алып койгону оң. Бул туурасында РФтин коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Телеграм-каналына жазды.
"Эми Украина кайрадан ЕБге киргиси келип баштаптыр. Каалоосу мурдагыдан да күч. Эч нерсе эмес. Украиналыктарга биздин позиция белгилүү: эгерде кааласаңар кире бергиле, бирок сунуштагандар бар бекен", — деген маанайда айткан.
Медведев ЕБге жол кимдер аркылуу кетерин эскерткен.
"Бирок бул жерде бир нерсе турат: акыркы жылдардагы Черногория менен Македониянын тажрыйбасы ЕБге НАТО аркылуу кире турганын тастыктады. Булар өз ара байланышкан уюмдар. Европалыктарча, саясий тилде, жумшактатып айтканда, "өнөктөштөр", — деген Медведев.
Ал "НАТО ЕБге караганда бир кыйла тажрыйба топтоп калган, жашы улуу өнөктөш" экендигин айтып, "андыктан, Брюсселге жалпы алганда Вашингтон багыт берип башкарарын, болгону аны ачык айтууну жактыра бербестигин" кошумчалаган.
"Анан суроо жаралат: НАТОго мүчө болбой туруп ЕБге кантип кирүүгө болот? Улуусу уруксат бермейин башкы ... альянс. Жооп жок. Бүгүн эмне кылышса да болбойт. Антейин десең, ар кыл нерсе деле болуп кетиши мүмкүн", — деген пикирин окууга болот.
РФтин коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Украина ЕБге "чын дилден, көптөн бери" кирүүгө ниет кылып келерин, "анан туруп, туруп эле айнып калганын", дароо эле НАТОго кошулуу каалоосу күч болуп жатканын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg