www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык "Human Rights Watch" уюму Кыргызстан жана Казакстан бийликтеринин пневмония оорусун COVID-19 илдетинин статистикасына кошуп саноо чечимин кубаттады. Бул тууралуу уюмдун сайтына жарыяланды.

Эл аралык укук коргоо уюмунун кайрылуусунда “ооруларды кошуп саноо өлкөдөгү чыныгы кырдаалды ачык көрсөтүп, бийликтин абалды оңдошуна жана жарандардын ден соолугуна кам көрүшүнө жардам берет” деп айтылат. "Human Rights Watch" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Ритман коронавирус инфекциясы жөнүндө такталган маалыматтарды чогултуу илдеттин жайылышын токтотууда маанилүү экенин белгилейт.

Уюм учурда Кыргызстан менен Казакстан коронавирус илдети тез жайылып жаткан өлкөлөрдүн катарында экенин белгилеп, өлкө бийлигин чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Кыргызстан 17-июлдан тартып коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептөөгө өттү. Кыргызстанда COVID-19 илдети жуккандардын саны 30 миң кишиге чамалады. Булар - коронавируска каршы тест тапшыргандан кийин илдет аныкталган жана пневмония болгон адамдар. Коронавирус илдети жуккандардын 53,6 пайызы же 15 851и сакайды, 3,8 пайызы же болбосо 1123ү каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости