www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда "Яндекс.Такси", "Яндекс.Go", "Яндекс.Лавка" жана "Яндекс.Еда" кызматтарынын колдонуучуларынын маалыматтарын чогултууга, сактоого жана сураган учурда укук коргоо органдары менен атайын кызматтарга берип туруу милдеттендирилди.

Буга алардын маалымат таратууну уюштуруучулардын реестрине киргизилгени себеп болду. "Яндекстин" басма сөз кызматы мыйзамды аткарууга милдеттүү болоорун билдирди.

Буга чейин маалымат таратууну уюштуруучулардын реестрине "Яндекс.Дзен", "Яндекс.Маркет", "Яндекс.Почта", "Яндекс.Диск", "Яндекс.МойКруг" жана "Яндекс.Недвижимость" сервистери киргизилген.

Мамлекеттик Думанын депутаты Ирина Яровая даярдаган бул мыйзам 2016-жылы кабыл алынып, "Яровая пакети" деген атка конгон. Ага ылайык, уюлдук операторлор менен Интернет ресурстар Орусиянын атайын кызматынын талабы боюнча колдонуучулар тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттендирилген. Анда мыйзамды аткаруу үчүн 10 триллион рублге жакын каражат керек экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости