www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаардык полиция департаменти укук коргоо кызматкерлери ооруканада жаткан адамдарды күчтөп алып кетип жатканы тартылган видео боюнча түшүндүрмө берди.

"Видеодогу 16 адам "Жапырт башаламандыкка катышуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатат. Сот аларга камакка алуу бөгөт чарасын белгилеген. Изоляция шартында алар бардык зарыл болгон медициналык жардамдарды алышат", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

25-январда Алматы шаарынын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Светлана Султангазиева ооруканадан алып келинген шектүүлөрдүн бир бөлүгү аскердик госпиталга, калганы тергөө органдарына жеткирилгенин билдирген.

24-январда "Азаттыктын" казак кызматы полиция кызматкерлери ооруканада жаткан жарадар адамдарды кармап кетип жатканы тартылган видеотасманы жарыялаган. Окуя 9-январда Алматыдагы тез жардам кызматынын ооруканасында болгону айтылган.

Январдын башында Алматыда болгон окуяларда октон жаракат алган адамдар шаардагы ооруканаларга жеткирилген. Көп өтпөй тургундар күч түзүм кызматкерлери алардын ооруканадагы жакындарын кармап кетип жатканына даттанышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости