www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Москвадагы элчиси аркылуу коопсуздук кепилдигин сурады. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жеткирилген документке байланыштуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирүү жасады.

"Биз Орусияга жөнөткөн кат эл алдында айткандарыбыздын кайталанышы. Документте АКШ менен анын союздаштарынын тынчсыздануулары камтылган. Биздин жообубуз АКШ диалогго ачык экенин жана дипломатияны артык көрөрүн көрсөтүп турат".

Блинкен АКШнын жообу Украина жана анын европалык союздаштары менен толук шайкеш келерин, НАТОнун да жообун Орусияга жеткирерин айтты.

Мындан сырткары, Блинкен АКШ Орусияга Европадагы стратегиялык куралдарды, анын ичинде өзөктүк ракеталарды кыскартуу боюнча Жаңы "START" келишимине кошумча макулдашууну сунуш кылганын жарыялады.

Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча сунуштары: Орусия декабрда АКШ менен НАТОго берген коопсуздук кепилдиктери боюнча келишимдер боюнча сунуштарында Орусия НАТОнун кеңейүүсүнөн баш тартууну талап кылган.

АКШнын мурдагы Советтер Союзуна кирген жана НАТОго кирбеген мамлекеттерде аскерий базаларды түзбөө, бул өлкөлөрдүн инфраструктурасын кандайдыр бир аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн пайдаланбоо жана бул өлкөлөр менен кызматташпоо талаптары да камтылган.

Орусиянын сунушуна ошондой эле өзөктүк куралды өлкөлөрдүн өз аймагынан тышкары жайгаштырбоо жана улуттук аймактан тышкары жайгаштырылган мындай куралдарды чыгаруу беренелери да бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости