www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чындыгында Японияда толук аялдар чанда кезигет. Биринчиден, алардын улуттук тамак-ашынын өзгөчөлүгү менен шартталат. Тышкы келбетке да чоң таасир тийгизген азык - балык болуп эсептелет. Ал организмди омега-3 кислотасы менен камсыздап, мээнин иштешин, алмашуу процессин, терини жакшыртат.

1. Тамак жасоо ыкмалары

Япондордун тамак жасоо ыкмасы демдөө, кактоо, бууга бышыруу, атайын көмөштанда өтө аз май менен кууруу. Көбүнчө сууга бышырылган жашылча - негизги тамагы. Мунун баары тамакты женил кылып, ашказанга, боорго, бөйрөккө күч келтирбейт. Тамакты ченеп ичишет.

2. Жаңы даярдалган тамак

Япондор алдын ала даярдабай, жаңы жасалган азыктар менен тамактанышат. Көбүнчө тамагынын жарамдуу мөөнөтү бир канча саат эле.

3. Тамактануу маданияты

Чай жөрөлгөсү жөнүндө баары эле уккан. Япондордун тамактануусу да салттуу кыймыл аракеттерди элестетет: өтө жай, майда кесектер менен, порциясы да, идиштери да кичине. Ашпозчулар тамакты даярдоодо кооздобой, азыктын табигый даамын да, келбетин да сактаганга аракет кылышат. Эки тамакты бир табакка салышпайт, ар кайсы тамак үчүн өзүнчө табак колдонушат. Табакка толтура салышпайт. Ошондуктан ашыкча жеп алуу мүмкүн эмес.

4. Нан ордуна күрүч

Ар бир тамактанууда өзгөчө бышырылган күрүчтү жешет. Камыр тамактын аз болушу арык жүргөнгө жакшы шарт болот.

5. Эртең мененки тамак

Япондор үчүн негизги тамактануу эртең менен жана ал бир канча тамактан турат. Негизинен балык, күрүч, омлет, мисо шорпо, соя көк чөп менен, балыр, чай.

6. Таттуусуз

Япондор таттуу жебейт, жесе да өтө аз жейт. Бул пайдалуу салт.

7. Сөзсүз физикалык көнүгүүлөр

Япон эли күндө гимнастика же күрөш менен машыгышат. Физикалык активдүүлүк популярдуу. Велосипед менен көп жүрүп, автомобилди аз колдонушат. Биз да үйрөнсөк болчудай.

Булак: Азия News гезити

Последние новости