www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын алдыңкы вирусологу коронавирус токой өртүндөй жайылып жатканын белгиледи. “Омикрон” пандемияны токтото алабы?
Учурда дүйнө жүзү боюнча жайылып жаткан коронавирустун “омикрон” штаммы жасалма жол менен жаратылган болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Орусиянын илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, вирусолог, профессор Петр Чумаков “Радио Россия” эфиринен билдирди.
Чумаковдун айтымында, жаңы штаммды атайын "өтө алсыз" жасашкан. Вирусолог Түштүк Африка штаммынын ДНК чынжырынан башка штаммдарга мүнөздүү мутациялардын жыйындысын көргөн.
“Азыр пандемияны токтотууну чечишти, анткени дүйнөдө кескин өзгөрүүлөрдүн мезгили келди. Жакынкы үч-төрт айдын ичинде көп нерсе өзгөрөт. Пандемияны токтотууну - аны ким ишке киргизсе ошол чечти. Эми кандайдыр бир саясий себептерден улам алар пандемияны тез арада токтотууну чечкен учур келди”, - деди Чумаков.
Ал коронавирус инфекциясынын “омикрон” штаммы өтө тез жайылып жатканын эске салды.
“Бир жарым күндүн ичинде бейтаптардын саны эки эсеге көбөйүүдө. Ал токой өртүндөй эле жайылууда”, - деп билдирди вирусолог.
SARS-CoV2 коронавирусунун жаңы түрү биринчи жолу ноябрда Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган. Штаммда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун ондогон мутациясы бар. Алдын ала тыянактар боюнча коронавирустун бул варианты иммунитети абдан алсыз, СПИД менен ооруган же ВИЧ жугузуп алган кишинин организминде өнүккөн.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны грек алфавитинин 15-тамгасы менен "омикрон" деп атаган.
ДССУ “омикрон” штаммынын жайылышынан улам ооруканага жаткырылгандардын жана каза болгондордун санынын көбөйүшүн күтүүдө. Окумуштуулар ошондой эле учурда үстөмдүк кылып турган "дельтаны" сүрүп чыгарат деп болжолдошууда.
Учурда ал 60тан ашуун өлкөгө жайылды.
Булак: NazarNews.kg