www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Миэ, Токио, Сидзуока, Тибв жаа Гумма префектураларынын 50 миңдей тургунуна эвакуация жарыяланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

50 миң адамдын эвакуация тууралуу жарыя алганы “Хагибис” тайфуну жакындап калганын, өмүргө коркунуч келтиргендигин билдирет. Дагы 4,2 миллион адамга көчүү боюнча эскертүү берилди.

“Хагибис” тайфуну япон архипелагына түштүк-чыгыштан келе жатат. Учурдагы анын борборундагы басымы 935 гектопаксалды түзөт, ал эми борборундагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрди, күчөгөндө 65 метрди түзөт. Метеорологдор анын күчүн “Ида” тайфунуна теңешти. Ал тайфундан 1269 адам каза болгон.

Ушул тапта Токиодо катуу шамал коштогон нөшөрлөгөн жаан жаап жатат. Тайфун япон борборуна жекшембиде түндө жетет деп күтүлүп жатат. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрди түзүшү мүмкүн, шамалдын бул күчү бак-дарактарды омкоруп кетүүгө кенен жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости