www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гаваиден кийин Японияда жаңылыш тревога берилди...
Япониянын расмий телеканалы NHK , Түндүк Кореядан баллистикалык ракета атылганы темасында жаңылыш тревогага себепчи болду.
Алгач Түндүк Кореядан ракета учурулганын жарыялаган NHK, бир канча мүнөттүн ичинде катасын оңдоп кечирим сурады.
Негизсиз ракеталык кол салуу эскертүүсү NHK аппликациясын тиркегендерге да келди.
Кечирим суроодо, «(жергиликтүү убакыт боюнча) Саат 6:55те NHK интернет барагы жана NHKнын апаатка бөгөт болуу кызматы «Түндүк Кореядан ракета учурулганын жарыялады, бирок бул туура эмес болчу. Кечирим сурайбыз»,делди.
Бирок жаңылыштыкка эмне себепчи болгону маалымдалган жок.
4 күн мурда Гаваиде Түндүк Кореядан ракета атылганы билдирилип «шашылыш түрдө баш калкалоочу жайларга кирилиши» боюнча мамлекеттик эскертүү жарыяланды, бирок элде дүрбөлөң жараткан эскертүүнүн андан кийин жаңылыштык менен жасалганы жана негизсиз болгону жарыяланган.
Булак: "trt.net.tr"