www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-ноябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган «Тарыхый эс-тутум элдердин биримдигинин фактору катарында» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту жана Борбордук Азиядагы Конрад Аденауэр атындагы фонду тарабынан уюштурулду.

Ага Суйунбек Касмамбетов - КР Мамлекеттик катчысы, КР ЖК депутаттары Марлен Маматалиев жана Медер Алиев, Жылдыз Бакашева -  Улуттук тарых музейинин директору, И.Арабаев атындагу КМУнун ректору Айгүл Абдраева, окумуштуулар катышты. 

Конференциянын негизги максаты: кыргыз элинин тарыхындагы кайгылуу окуялар – саясий репрессиялардын тарыхы, 1916-жылдагы улуу кѳтѳрүлүш, анын кесепеттери жана сабактарына саресеп салуу жана анын кыргыз элинин тарыхындагы ордун даңазалоо. Кыргызстандын тарыхындагы 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүш сыяктуу кайгылуу окуяларга тарыхый калыс баа берилип, ал эми  85 жыл мурда 7-8-ноябрь күндөрү Чоӊ-Ташта мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн ата-бабаларыбыздын эмгеги, эрдиги жаш муундарга мурасталып, тарыхыбызда татыктуу баасын алышы зарыл. Ага ылайык, конференцияда аталган темаларды изилдеген окумуштуулар катышып, баяндамаларды жасашты. 

Конференциянын жүрүшүндѳ коомдук ишмер, окумуштуу Роза Айтматованын «Тарыхтын актай барактары» китебинин бет ачары болду.

Конференциянын соңунда суроо-жооптор жана кызыктуу талкуу болуп, катышуучулар тарабынан бир катар жакшы пикирлер, сунуштар айтылды. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-8-ноябрь – “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү деп жарыяланып, бул тууралуу 2017-жылдын 26-октябрында КР Президентинин Жарлыгы чыккан.  

Улуу ата-бабалардын иш-аракеттери, эрдиктери тарыхый эстутумду ойготуп, жаңы жарандык аң-сезимди калыптандырат. Ошондуктан, ар бир кыргыз жараны тарыхый окуяларды, улуу инсандардын эрдиктерин билүүсү маанилүү.

Последние новости