www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ибрагим Жунусов калың элге адегенде обончу-аткаруучу катары таанылса, кийинчерээк мамлекеттик кызматкер, саясатчы катары да таанылды. Ал 1961-жылы 13-майда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сарай айылында туулган. Төрт бир тууган. Жогорку билимдүү. 200дөн ашык ырдын автору. Бул эмгеги үчүн Кыргыз эл артисти наамын алган. Үй-бүлөлүү. Кыргыз, орус, түрк жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөйт. Кыргызстандын Түркиядагы жана Өзбекстандагы элчиси болуп иштеген. Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкерлигин үчүнчү ирет коюп жатат. "Жакшы ырлары бар, ырчы болуп эле жүрө берсе болмок" деген кептерден улам, архивдик материалдардан мындай суроолорго эчак эле жооп бергенин таап, кайрадан окурмандарга сунуштап коюуну туура көрдүк.

- Ибрагим мырза, саясатка бир аралашкан адам андан чыга албайт. Сурайын дегеним, кокустан чыгармачылыкты же саясатты тандаш керек болсо, кайсынысын тандаар элеӊиз?

- Темир жолдун эки тарабы болот. Менде да ошондой. Бири - саясат, экинчиси - чыгармачылык. Мен поездмин. Экөөнү теӊ чогуу ала кетем.

- "Саясат деген кир нерсе, музыка дүйнөсүндө эле, ырдап жүрө берейсиӊби" дегендер болду беле? Дегеле саясатка кайсы жылдан баштап кызыктыӊыз?

- Саясатка кызыгуум 1995-жылы башталган. 2000-жылы Ош университетинде декан болуп иштегем. Бул кызмат сени аргасыз саясатка аралаштырат экен. Ошол жылы Кара-Суудан депутаттыкка талапкерлигимди коюп, атаандашыма эки гана пайызга утулуп калгам. Өтпөй калгандан кийин саясатка ого бетер кызыга баштадым. Менде "жеӊилип калбайм, такшалышым керек "деген өжөрлүк мүнөз бар. Буйрук болсо арга жок экен, акыры депутат болдум. Саясатка жаӊы аралашып жаткан учурда, "Ибрагим, саясат кир нерсе. Андан көрө таза эле музыка дүйнөсүндө жүрө берейсиӊби" деп кеӊеш бергендер болгон. Саясат кир эмес, аны саятчылар кирдетет деген ойдомун. Айтылуу акыныбыз Алыкул Осмонов "Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт" деп бекер жазган эмес да. Мекенибизди сүйгөн үчүн Кудайдан тынчтык тилейбиз. Куранда: "Бир күндүк жаӊжал чыккан жерде 40 күндүк кут качат. Ошол жердин берекесин кетирет" деп жазылган. Кутубузду качырбай, берекесин кетирбей, Кыргызстаныбызды сактайлы, даӊктайлы дээр элем.

Эске сала кетсек, Ибрагим Жунусов 2008-жылы парламентте депутат болуп турганда кыргыз үчүн кымбат эсептелген Каркыра жайлоосу Казакстанга берилишине каршы батынып сүйлөгөн жападан жалгыз эл өкүлү болгон. Ошондогу сөзүн окурмандарга эске сала кетели.

“Каркыраны Казакстанга 49 жылга берсек бизде калат деген туура эмес, 49 эмес 9 жылга берсеңиз дагы кийин ала албай калабыз.  Биз Каркыраны 49 жылга берсек алдырып койобуз. Бир эле жылга берсек да ала албай калабыз. Себеби, биздин күчүбүз жок, алсыз мамлекет болуп жатабыз. Бай мамлекеттер болсо бүгүнкү күндө бизди башкарууда. Жөнөкөй эле мисал келтирсем “кошунабыз бай болуп, биз кедей болсок, ал сенин үйүңө туалет курайын, жер сеники туалет меники десе биз макул болобузбу?”- албетте, эч ким макул болбойт болчу. Бирок мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөй бүгүнкү күндө бул мыйзамды өткөрүп берип кой десе биз ошого “хоп, майли” болуп отурабыз. 2006-жылы кол коюлуп макулдашылган деп жатасыз. Бирок ошол эле учурда кол коюлганды, макулдашууну өзгөрткөнгө уруксат деген жер барда документте туурабы? Келгиле азыр ошол келишимди өзгөртөлү. Эгерде биз кол коюп койдук эле деп баарын өткөзө берсек, бизди эртеңки күндө эч ким кечирбейт. Бул жерде канчалаган көлдүк эл өкүлдөрү отурасыздар. Эгерде силер да макулдук берип отурган болсоңор Көл Эне бизди, силерди кечирбейт! Көл Эненин кусуру бар!”- деп айткан Ибрагим Жунусов азыр эми “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен кайрадан Жогорку Кеңеш депутаттыгы үчүн ат салышууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости